«Буйрук чыгарылган». Министр окуучулар өзүнүн классын өзү тазалашы керектигин айтты

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева түз эфирде жарандарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

«Бардык мектептерге буйрук чыгарылган. Ар бир окуучу өзүнүн окуган классын, басып жүргөн жерин жыйноого кеңири тарткыла деп. Бул жерде окуучуларды эксплуатациялоо эмес, ал өзүн-өзү тейлөө, өзүнүн тазалыгына, өзү жашаган жерге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга багыт алганбыз. Ал өзү отурган партага, өзү отурган класска, өзү барган дааратканага жана өзү окуп жүргөн мектебине камкор мамиле жасоого үйрөнүшү керек»,- деди ал.