Буранада тайгандар катышкан этнофестиваль үчүнчү жолу өттү

Кечээ, 27-июнда “Бурана” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында «Taigan Fest» эл аралык этнофестивалынын ачылышы өттү. Үчүнчү жолу өтүп жаткан этнофестиваль Туризм департаменти, Чүй районунун мамлекеттик администрациясы, “Жаштарды узантуу ресурстары” коомдук фонду, “Кыргыз тайганы клубу” коомдук бирикмеси жана Маданият министрлиги биргеликте уюштуруп өткөрдү.
Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарылдыгын белгилеп, учурда тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу максатында “Тайган таптоо билимдери жана көндүмдөрү” номинациясын ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы менен биргеликте ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине илгерилетүү тууралуу иш аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.
«Тайган Фест» этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, аукциондор, улуттук оюндар, таяк тартыш, тайган жарыш жана концерттик программалар өткөрүлдү. Ошондой эле “Тайган чубатуу” кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.