БУУ Кыргызстан калкынын 2100-жылга карата 71 пайызга өсүшүн божомолдоду

БУУ 2100-жылга карата дүйнө өлкөлөрүндө калктын санынын өсүшүнүн божомолун даярдап, жарыялады.

Мурунку СССР өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан калктын саны боюнча лидер болуп калат — ал жакта жашоочулардын саны 172 пайызга көбөйөт деп божомолдошот талдоочулар. 

Аналитиктердин айтымында, 2100-жылга чейин калктын эки эсе азайышы Молдова, Украина жана Литвада катталат. Ал эми Латвиянын калкы 42 пайызга, Грузияныкы 37 пайызга кыскарат. Беларусь жана Орусияда жашоочулардын саны дагы кыскарат — тиешелүүлүгүнө жараша 21 жана 14 пайызга.

Тажикстандын калкы 172 пайызга, Кыргызстандыкы 71 пайызга, Казакстандыкы 50 пайызга өсөт.