Бүгүн 11-классты бүткөн 76 миң жана 9-классты бүткөн 127 миң окуучуга аттестат берилди

Бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды.

Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты. Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу кыйынчылык жаратпайт, анткени аны https://attestat.edu.gov.kg/ сайтынан алууга болот.