Бүгүн Бишкекте башкы балатынын чырагы жандырылат

Бүгүн, 16-декабрда саат 18:30да Бишкекте башкы балатынын чырагы жандырылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Быйыл балаты «Ала-Тоо» аянтындагы чоң фонтандын ордуна орнотулду. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, алкагына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилди. Балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырымдык светодиоддук гирляндалар, 2 чакырымдык лампа гирляндалары, айнек формасындагы металл конструкцияларды кооздоо үчүн 2,3 чакырымдык сары дюралант сатып алынды.

Балаты 28-ноябрда орнотула башталган.