Бүгүн Бишкекте саат 12:00гө чейин троллейбус жүрбөйт

25-октябрда троллейбустар убактылуу токтойт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

23-25-октябрь күндөрүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат, ушуга байланыштуу 25-октябрда саат 8:00дөн 12:00гө чейин бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат.