Бүгүн Бишкектеги футболго байланыштуу айрым көчөлөр жабык болот

Бүгүн, 30-августта Бишкекте Кыргызстан жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Саат 14:00дөн тартып, 23:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Эскерте кетсек, беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.