Бүгүн, эртең айрым троллейбустардын каттамы токтотулуп, кээ биринин маршруттук схемалары өзгөрөт

12-13-октябрда Бишкекте троллейбустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

12-13-октябрда борбор калаада КМШ мамлекет башчыларынын саммитинин өтүшүнө байланыштуу № 6,11,14 троллейбустук каттамдар токтотулат.

Кээ бир троллейбустардын маршруттук схемалары өзгөрөт: №5 каттам Тунгуч кичи районунан — 8 — кичи районуна чейин; №2 жана №10 маршруттук каттамдар Чүй проспектисине кирбестен, өз схемасы боюнча иштейт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.