Төө-Ашуу туннелиндеги бүгүнкү абал тартылган видеолор соцтармакка тарады. Анда туннелди дале суу каптап жатканы жана унаалардын кезегинен тыгын болуп турганы көрүнөт.
Буга чейин 12-июнь күнү Төө-Ашуудагы туннелде суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Кечээ, 13-июнда абал кайталанып, зарыл техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалган.
19-майдан баштап 28-июнга чейин Төө-Ашуудагы туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актоо иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилери айтылган. Саат 5:00дөн 8:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет.