Бүгүнкү митингде болгон окуя боюнча президенттин басма сөз катчысы эмне дейт?

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бүгүнкү аялдарга карата зомбулукка каршы митингдеги окуя тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, тынчтык митингдерди өткөрүүгө ар бир кыргызстандыктын укугу бар.

«Айзада Канатбековага байланыштуу кырдаал мурдатан эле көзөмөлгө алынышы керек болчу. Президент Садыр Жапаров буга чейин тарыхта кыргыз эли кыздарды, аялдарды жана энелерди өзгөчө сыйлап келгенин белгилеген. Мындай учурлар биздин үрп-адаттарыбызды, коомдун салттуу баалуулуктарын жокко чыгарат. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка жол берилбеши керек”,- деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Ал бүгүнкү зомбулукка каршы тынч митингде чагымчыл топтун катышуучуларын эски аянтка түртүп, аялдарды коркутуп-үркүтүп, мазактаган учурга жол берилбеши керек эле деп эсептейт.

“Бардык талаш маселелер зордук-зомбулук аракеттерин колдонбостон чечилиши керек. Кандайдыр бир билдирүү айтууда коркутуп-үркүтүү болбошу керек, анан да күч колдонуу менен коштолбошу керек деп эсептейм”,- деди ал.

Эске салсак, катышуучулар митингге чогулуп жатканда, агрессивдүү кишилердин тобу Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына топтолушкан. Алар укук коргоо органынын башчысы, башкалар менен катар моралдык жазага тартылышы керек деп кыйкыргандарды сүрүп чыгарууга аракет кылышкан.

Тынч жүрүштүн катышуучулары агрессивдүү элдин окуяны козутуп кетишине жол бербөө үчүн башка жакка кетүүгө аргасыз болушкан эле.