Министрлер кабинетинин 4-июлдагы № 366 токтому менен 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына студенттерди кабыл алуунун адистиктеринин тизмеси жана көлөмү бекитилди. Токтомго ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миң гранттык орунга чейин көбөйтүлдү.
Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт:
— Билим берүү жана илим министрлиги – 7917 грант;
— Саламаттык сактоо министрлиги – 405 грант;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206 грант;
— Ички иштер министрлиги — 130 грант;
— Коргоо министрлиги — 125 грант;
— Тышкы иштер министрлиги – 20 грант.
— Компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3900 гранттык орун бөлүнгөн.
2023-2024-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.