Быйыл ажылык сапарга баруу 3900 доллар болот. Акчаны 18-апрелге чейин төлөп бүтүү керек

Ажыга барууга 1 миң доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-апрелден 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөш керек.

Былтыр ажылык сапардын баасы 4500 доллар болгон. Бул башка жылдарга салыштырмалуу 1000 долларга кымбат болчу. «Эки жылдан бери ажылык сапар болгон жок. Быйыл баалар кымбат болот, анткени баары кымбаттап, бензин 60-70 сомго чейин көтөрүлдү», — деген болчу ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси.