Быйыл Бишкекте ысык суу жылдагыдан узак убакытка өчүрүлөрү айтылды

«Быйыл Бишкек шаарынын тургундарына ысык суу берүүнү өчүрүү мөөнөтүн узартууну пландап жатабыз», — деп билдирди бүгүн «Бишкек жылуулук энерго» ишканасынын директору Уран Райымбеков.

Анын айтымында, жайкысын суу системадан толук чыгарылат. Муну талап кылган жумуштардын түрлөрү бар. Оңдоодон кийин тармактарды гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт. Бул жылытуу мезгилинде иштебей калышы мүмкүн болгон жерлерди табуу үчүн зарыл. Алар 1-октябрга чейин алмаштырылат.

«Акыркы жылдары аныкталган жаракаттардын саны өсүүдө. Мындан тышкары, биз дээрлик күн сайын жаракат кеткен жерлерди аныктап жатабыз. Быйыл 20-апрелден баштап ысык сууну 30-40 күнгө өчүрүү маселесин талкуулап жатабыз, анткени жабдуулардын эскиришинен улам келтирилген зыяндын көлөмү көбөйүүдө. Бул оңдоп-түзөө иштерин эффективдүү жүргүзүү үчүн зарыл”, — деди Уран Райымбеков.