Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулар кандай форма кийишет? Министрликтин маалыматы

Кыргызстанда билим берүү уюмдарында бирдей мектеп формасын киргизүү жөнүндөгү өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтомуна ылайык, 1-12-класстын окуучулары быйылкы жаңы окуу жылында мурдагы жылдардай эле форма кийишет.
Эркек балдар үчүн классикалык стилде тигилген көйнөктөрү ак түстүү, ал эми шым-костюм, жилеттери кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт. Балдардын мектеп формасынын комплектисине классикалык формада тигилген галстукту кошууга болот. Кыздар үчүн мектеп формасы түрдүү комбинацияда жана классикалык стилде тигилген кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, костюм комплектисинен турат. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдер жана бут кийимдер, джинсы кийимдер, эс алуу жайларында, үйдө кийүүчү кийимдерди кийип жүрүүгө болбойт. Ошондой эле окуучулардын мектеп формасы эмблемалар, төш белгилер, жамаачы жана башка сыяктуу мектептин, класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн.