«Былтыр 180 учур катталган». Кыргызстанда балдар арасында онкологиялык оорулар көбөйдү

2022-жылы Кыргызстанда балдар арасында онкологиялык оорулардын 180 учуру катталган. Бул тууралуу 23-августта саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жыл сайын балдар арасында онкологиялык оорунун 120 учуру аныкталган. «Балдар арасында онкология оорусуна чалдыккандардын саны жыл сайын өсүүдө. Биз ооруну аныктоону жана диагностикалоону жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.