«Былтыр Түркияда түшкөн экен». Садыр Жапаров агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча маалымат берди

Президент Садыр Жапаров алтын куйма кармап түшкөн агасы Сабыр Жапаровдун сүрөт боюнча маалымат берди.

«Сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. «Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн», — деди ал.

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү тарап, талкуу жараткан. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын жазып, бирок коомчулук сүрөттүн эски экенине ынанышкан эмес.