«Centerra Gold» директорлор кеңешине кыргызстандык 3 мүчө кошулду

Кумтөрдөн алтын казган «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңеши алмашып, Кыргызстандын атынан Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнов жана Тенгиз Бөлтүрүк шайланды. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жазылган.

«Centerra Gold Inc.» ишканасынын директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар, ага Кыргызстандын үч жараны мүчө болуп кире алат.

2021-жылдын 11-майында акционерлердин жылдык жыйыны өтүп, директорлор кеңеши алмашканы жазылган. Жыйында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акциясынын 56,59 пайыз же 168 096 447 акциясы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, компаниянын директорлор кеңеши жыл сайын май айында шайланып турат.