Чала өлүктөй сабалган мигрант: «Жубайым Кыргызстанга кеткенден кийин ажырашалы деди»

Эрлан Зайнидинов 2018-жылдан бери Орусияда. Каарманыбызды 2020-жылы топ балдар чала өлүктөй болгончо сабап кетишкен. Бул окуядан кийин анын баш сөөгү сынып, эки чоң операцияны өткөргөн. Учурда ал кезектеги операцияны жасатууга каражат топтой албай убара. «Ал окуядан кийин келинчегим төркүнүнө кетип, кайрылып келген жок» деген каарманыбыздын маегин видеодон көрүңүз.

Каармандын айтымында, сабалгандан кийин арыз жазылып, тергөөчү 2 шектүүнү кармаган. Калганы ишке күбө катары тартылган. Жабырлануучу дарыланууга 3 айга Кыргызстанга кеткенде, тергөөчү алмашып кетип, ишти таппай калган.

«Жубайым экөөбүз жашап, уулубуз төрөлдү. 4 ай болуп калганда «апам чакырып жатат» дегенинен Кыргызстанга салып жибердим. 1 жума өтүп-өтпөй, «жашабай эле койсок кантет» деп калды. Отуруп сүйлөштүк, себеби чыкпай койду. Себеп жок болуп калды. Ага чейин жакшы эле болчу», — деди ал.