“Чана тээп жүрүп кирип кеткен”. Ошто 6 жаштагы кыздын жансыз денеси муздун алдынан табылды

Ошто 6 жаштагы кыздын жансыз денеси муздун алдынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылынан агып өткөн Чоң-Бүлөлү суунун жээгиндеги муздун астына 6 жаштагы кыз чана тээп жатып кирип кеткен.

Кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.