Чек ара чырында күйөөсү, уул-кызынан айрылган эне: «Үйгө киргим дагы, жашагым дагы келбей калды»

Өткөн жылдын 16-сентябрь күнү Бужум айылынын жанында жергиликтүүлөр коопсуз жайга бара жаткан Портер унаасы танк менен кагышып, 12 жаран каза болгон. Мерт кеткендердин арасында Шайыр Жолдубаеванын жолдошу, өспүрүм кызы жана 7 жашар уулу болгон. Жолдубаева азыр аман калган 3 кызы менен борбордо турат. Үй-бүлө багуучусунан ажырап, өздөрү түрдүү жаракаттардан улам, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калган Жолдубаева жана анын кыздары учурда коомчулуктун жардамына муктаж. Биз алар убактылуу баш калкалап жаткан үйгө барып, сүйлөштүк. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0220 67 62 68 (Мбанк)

«Ооруканада 1 айдай жаттым. Мага кыздарым, жолдошум, уулум ооруканада дешкен. 3 кызым менен сүйлөшүп жаттым. Иним үйгө чыгарып, карады. Ал жерде ата-энем бар болчу. Мен жолдошум, уулум жана кызым ооруканадан жакшы болуп чыгат деп күттүм. Бирок телефон менен сүйлөшө алган жокмун. Алар мени «башынан жаракат алды, ооруп калат» дешкен окшойт, мага эч нерсе айтышкан жок. Мен өзүм чыдабай, тамак ичпей ошолорду сурай бердим. Жүрөгүм сезди. Анан үйгө кетип бара жаткан жолдо айтышты. Үйгө киргим дагы келбей калды. Жашагым да келбей калды», — дейт сыздаган эне.