Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 178ге жетти

Бүгүн, 2-май таңкы убакытка карата чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  өзү Лейлекте жеринде жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүүдө. Алардын ичинде Тажикстандан куткарылган 10 кыргызстандык да бар. Бүгүнкү күнү алардын ичинен 5 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу. Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер – Баткен облусунун Үй-бүлөлүк медициналык борборунун фельдшери Бурканали уулу Аширали. Ал 29-апрелде жабыркап түшкөн, диагнозу баш мээсинин чайкалуусу. Бүгүнкү күнү канааттандыраарлык абалда, амбулатордук дарыланууга чыкты.

Кечээ түнү Баткенден Бишкекке дагы 8 жабырлануучу которулду. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы 56 бейтап дарылануусун улантууда. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда – 35, Улуттук госпиталда — 12, Улуттук хирургия борборунда — 9 жабырлануучу бар. Бишкекке которулган бейтаптардын бирөөнүн абалы өтө оор, 6 бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана канааттандырарлык деп бааланууда. Операцияга шашылыш муктаж бейтаптарга операциялар жасалды, кийинки аптада дагы денедеги жат бөлүкчөлөрдү алуу боюнча операциялар жасалмакчы. Мындан тышкары, Баткен облустук бириккен ооруканасында — 1, Кадамжай аймактык ооруканасында – 16, Самаркандек ЖДТБ — 2, Лейлек ЖДТБ – 7 бейтап жатат.

Бишкек шаарындагы жана Баткен облусундагы жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында азыркы тапта дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.