Чек ара жаңжалында 80ге жакын үй күйүп кеткен

Баткен облусу боюнча жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркады. Бул 1-май саат 20.30га карата алынган маалымат экенин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кабарлады.

Баткен району боюнча:

Ак-Сай айыл аймагында 30 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 ИИМдин аскерлеринин имараты, “Миң-Булак”, “Достук” чек ара тозоту күйүп кеткен.

Лейлек району боюнча:

Кулунду айыл аймагындагы Максат айылында 11 турак үй, 1 чек ара тозоту, Сады айылында 3 турак үй, Раззаков айылында 2 турак үй жабыркаган.

Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылында 9 турак үй, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн жабыркаган.

Достук айылында 12 турак үй, Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган.

Ошондо жалпы Лейлек району боюнча 48 үй, 1 чек ара тозоту, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйүп кетти.