Чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрдүн орду тазаланып бүттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Садыр Жапаровдун Максат жана Арка айылдарында тажик тараптан куралдуу кол салуудан жабыркаган турак жайларды иретке келтирүү тапшырмасын толук аткарып бүттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Тартылган куткаруучулар өздөрүнүн туруктуу кызмат ордуларына кайтарылып жөнөтүлдү. Аталган иш чарага 305 куткаруучу, 35 техника тартылган. Жалпы 136 турак жай тазаланып даярдалды, 32 көчмө үй, 61 чатыр тигилди, 2 миң тоннага жакын гуманитардык жардамды кабыл алып жабыр тарткан элге жеткирүү иш чаралары уюштурулду.