Чек ара кызматы: «Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда турган жүк ташуучу унаалардын саны азайды»

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда турган жүк ташуучу унаалардын саны азайды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү пунктунда көзөмөлдөн өтүү үчүн 50дөй жүк ташуучу унаа турат. Кечээ, алардын саны 119 болчу.

Мындан тышкары, Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан Кыргызстандан Казакстанга «Кең-Булуң-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу эркин өтө алаарын эскертти.