Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган жарандар тууралуу маалымат берди

14-сентябрь cаат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

“Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы жана 2001-жылы туулган жарандары катуу жаракат алышкан. 2001-жылы туулган жарандын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. Ал эми Самаркандек айылынын 1991-жылы туулган тургунунун ок ич көңдөйүнө кирип, бел бөлүгүнө тийген. Ичине кан толуп, 3-даражадагы травматикалык шок алып, абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж. Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан”, — деп айтылат маалыматта.