Чек ара кызматы: «Тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылап жатышат»

Саат 17:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Жетишилген макулдашууларга ылайык, УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары кагылышуу болгон аймактарда ок атууну токтотушту. Тажик тараптан аткылоонун интенсивдүүлүгү кескин азайды, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылап турат», — деп айтылат маалыматта.