Чек арачылар Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен кыргызстандыктын 20 баш жылкысын кайтарышты

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 20 жылкыны Кыргызстандын жаранына кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачыларга Жалал-Абад облусунун Кош-Алмурут айылынын тургуну кайрылып, коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен 20 баш жылкысын кайтарууга жардам берүүнү суранган. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу байланышып, натыйжасында кыргызстандыктын 20 баш жылкысы кайтарылган.

Мамлекеттик чек арада ар кандай көйгөйлөр жаралган учурда, мыйзамдардын чегинде маселелерди чечүү үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын жакынкы бөлүмүнө кайрылуу керектигин эскертти.