Чек арачыларга көмөктөшкөн жарандарга курал берүү мыйзам долбоору сунушталды

Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө курал-жарак берип, ден соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин 7 депутаты — Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова жана Улукбек Садиков алып чыккан.

Мыйзам долбоорунда чек ара ыйгарым укуктууларынын укуругун узартууну, анын ичинде жылына эки жолу окуудан жана аскердик даярдыктан өткөрүү, ок атуучу курал колдонуу укугун берүү сунушталууда. Ошондой эле алардын өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берүү милдеттери каралат.

«Жергиликтүү аймактарды жакшы билген тургундарды тартууга муктаждык чоң экендиги чек ара тилкелериндеги акыркы окуяларда билинди. Ушуга байланыштуу аймактык бүтүндүктү, жарандарыбыздын коопсуздугун коргоо, алардын мүлкүн жана башка жашоого керектүү социалдык объектилерин сактоо боюнча чек арачылардын милдеттерин так аткарууга чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр жардамчы болот. Долбоордо каралган шарттар алардын өмүрүнө жана саламаттыгына кепилдик берет», — деп жазылат документте.

Аталган демилге мамлекеттик чек араны коргоого жана көзөмөл жүргүзүүгө көмөктөшүүгө, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн иштелип чыкканы айтылат. Ошондой эле чек ара ыйгарым укуктууларына кошумча укуктарды жана кепилдиктерди берүү максатын көздөйт.

«Чек ара боюнча ыйгарым укуктуулар жөнүндө мыйзам 2015-жылдын 3-мартында кабыл алынып, республиканын чек арасын коргоого, аймактык бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандарды тартуу каралган. Алар маалымат берүү жагынан Чек ара кызматына көмөктөшүп келет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 140 чек ара ыйгарым укуктуулар кызмат кылып, 5 жыл аралыгында жаракат алгандар же жабыркагандар болгон эмес», — деп жазылат баяндоочу бөлүгүндө.