Чек арада түн тынч өттү. Кыргыз тарап күч түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына кайтарды

Бүгүн, 29-январь таңкы убакытка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ, 28-январда болуп өткөн эки тараптын жолугушуусунун жыйынтыгына ылайык, бүгүн эки өлкөнүн бирдиктүү комиссиясынын иши пландалган. Кыргыз тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын чек ара линиясынан туруктуу дислокациясына кайтарууну аяктады.

Чек арадагы бөлүктөр штаттык режимде кызмат өтөөдө.