Чек арадагы жаңжалдын дагы бир курмандыгы — 4 жаштагы Абидин Турсунбаев

Чек арадагы жаңжалда 4 жаштагы Абидин Турсунбаевдин сууга чөгүп каза болгондугу маалым болду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, бала каналдагы сууга чөгүп каза болгон. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 29-апрелде болжол менен саат 19:15 чамасында Арка айылынын тургундарын тажик тарап аткылай баштаганда, алар тоону көздөй качып жөнөшкөн. Баланын апасы да бир уулун колунан сүйрөп, экинчисин көтөрүп эл менен кошо чуркаган. Качкан жарандар Фергана каналынан өтмөкчү болушкан. Абидин сууга түшүп, агып кеткен. Анын жансыз денесин жергиликтүү тургундар тапкан.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан каза тапкандардын саны 36 адамга жетти. 183 адам жаракат алган.