Чек араны кайтаруу күчөтүлгөн режимге өттү

иллюстрация

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чек арачылардын кызмат өтөөсү күчөтүлгөн тартипке өттү. Мындай тапшырма кечээ күнү, 29-октябрда саат 20:00дөн баштап Кыргыз өлкөсүнүн бардык мамлекеттик чек арасынын периметрин көзөмөлдөө боюнча берилген. Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт. Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

Ошондой эле жогорудагы маалыматка байланыштуу Чек ара кызматынан тынчсызданууга негиз жок экенин да билдиришти. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу. Өзүбүзгө тиешелүү иш-чараларды өткөрүп жатабыз”, — дешти Чек ара кызматынан.

Ушул аптанын башында, 26-октябрда Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган окуя боюнча президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алган болчу. Анда Баткен районунун Үч-Дөбө айылында тажик тараптын чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орното баштаганынан чыр ырбаган. Курулуш боюнча кыргыз чек арачылары ишти токтотууну талап кылган, тажик тарап көнбөй койгондо асманга эки ирет ок атылган. Кийин куруу иштери токтогон.  Садыр Жапаров жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айткан эле.