Чет өлкөгө чыгып бара жатып, карызыңыз бар-жогун текшерип алыңыз

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууну пландаган жарандарга милдеттүү түрдө соттук аткаруучулар линиясы боюнча карыздарынын бар экендигин текшерүүнү эскертет.
Интернет аркылуу сот кызматкерлеринин линиясы аркылуу карызын кантип оңой текшерсе болот?

“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында “соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүү (авторизациясыз)” кызматы онлайн форматта жеткиликтүү сервис бар. Кызмат жарандарга соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкөнүн аймагынан тышкары кетип жаткан жана жалпысынан укуктук мамилелерди жүзөгө ашырган жарандарга карыздарын алдын ала текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
3 жолу баскычты басуу менен маалыматты кантип алууга болот:
— Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү portal.tunduk.kg;
— “Соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүү (авторизациясыз)” кызматын тандоо;
— Жеке идентификациялык номерди киргизип, «текшерүү» баскычын басыңыз.
Андан кийин карыз боюнча маалымат төмөнкү формада жеткиликтүү болот:
• Аткаруу ишинин номери;
• Иш каралып жаткан Соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн аталышы;
• Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн дареги.
Карыздарды өз убагында төлөбөө документин мажбурлап аткарылышына алып келет, ал кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камак салуу, өлкө аймагынан чыгууга чектөө коюу, бар болгон учурда банктык эсептерди бөгөө, ошондой эле мыйзамда каралган башка жоопкерчиликке алып келет.