Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видеону бөлүшүп жатышат.
«Бойго жетип калган чоң класстын окуучу кызын мугалимдер карап туруп, окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратууга болобу? Бул эмне деген маңкуртчулук, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Бойго жеткен кыздын намысы эмне болду, эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет? Бул Жалал-Абад облусу Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров мектеби. Кыз курбу кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу үчүн кыздын энеси келип ушундай жазалоого үндөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтүп кечирим суроого мажбур кылган. Бул окуя быйылкы жылдын февраль айында болгон», — деп жазды видеону бөлүшкөн жаран.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Бишкекте "Даамдуу" тез тамактануучу жайда массалык уулануу катталды. Жалпы 12 адам жабыркап, алардын алтысы ооруканада. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык...
Балыкчыда тепловоз темир жолдун жанына токтотулган унааларды сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, машинист унааларды...
20-июндан 22-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда...
"Жеке эле ИИМ эмес, ата-энелер, баарыбыз күрөшүшүбүз керек" деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутат Айсулуу Мамашевага жооп берип. "ИИМ...