Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга 112 миллион сомго жыйындар залы курулуп жатат

Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда эки айдан бери жыйындар залы курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Долбоордун жалпы суммасы 112 миллион сомду түзөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков аны жарым-жартылай Орусия каржылаганын айтты. Орусия Федерациясы Кыргызстанга конференц-залдын курулушуна, телекоммуникациялык жабдууларды жана видеобайкоо жабдууларын сатып алууга 44,5 миллион сом грант бөлгөн.

Президенттин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Тилек Батырканов кошумчалагандай, жыйындар залы 15-августта пайдаланууга берилет. «Конференц-зал 300 кишиге ылайыкталган. Бул Бишкектеги Ала-Арча резиденциясындагы конгресс-холл сыяктуу болот»,- деди Тилек Батырканов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.