Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин, тажиктер окоп казып жатышканын айтты.
«Чоң-Алайда тактап айтканда, кыргыз-тажик чек арасына жакын келип, тажиктер окоп казышууда. Жарандарда коркунуч пайда болуп жатат» деп ызылдап чалып жатышат. Ошондуктан премьер-министр Мариповдун өзүн, чек ара кызматын чакырып, ушуну укпайлыбы… 1999-жылы чоң кол солуу Чоң-Алайда болгон. Азыр да ошондой коркунуч пайда болуп жатат. Тез арада чечим кабыл албасак, Баткендегиден жаман болот. Ал жакта тосуп чыкканга адамдар аз. Алар Сары-Таш, Гүлчөгө чейин келип калышы мүмкүн», — деди ал.