Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графигин жарыялады
Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.
12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарга жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент киргизилет. Ошол эле учурда, 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу процесси «Чет тили» предмети боюнча (3-9-класстар) колдонулуучу окуу-методикалык комплекстеринен тышкары, 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык комплекстердин негизинде жүргүзүлөт.
Бекитилген базистик окуу пландарына ылайык, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026-2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3-11-класстарда 34 жуманы түзөт.
2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:
– күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 11-15-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);
– кышкы – 10 календарлык күн (2027-жылдын 1-10-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);
– жазгы – 6 календарлык күн (2027-жылдын 3-8-мартында, сабактар 2027-жылдын 9-мартынан улантылат);
– майдагы (майрамдык) – 9 календарлык күн (2027-жылдын 1-9-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат. Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.