Чоң-Алайда эвакуация башталды. Бул иштин башында министр Бообек Ажикеев турат

Чоң-Алай районунда эвакуация башталды. Бул иштин башында министр Бообек Ажикеев турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат таратышты.

Билдирүүгө ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча башында туруп, эвакуация уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып жүргүзүүдө. Учурда министрлик Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит, Карамык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарынын тургундарын саат 19:30дан тартып, Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына эвакуациялап баштады.

Эвакуация иштерине министрликтин райондук бөлүмү, Чоң-Алай районунун жетекчилик курамы, көчүрүү комиссиясы жана жарандык коргонуу комиссиясы толук тартылды. Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жарандарды жайгаштыруу боюнча иштерди уюштурууда. Мындан сырткары, министрлик гуманитардык жардам боюнча да иш чараларын уюштуруп баштады. Бардык тургундарды жайгаштыруу иштерин министрдин тыкыр көзөмөлү алдында жүргүзүлүп турат.