Чоң-Алайдагы жума намаз окулуучу мечиттерге байкоочу камера орнотулат

Чоң-Алай районунун баш имамы Алимбек Маматаминов райондун аймагындагы жалпы жума намаз окулуучу мечиттердин имамдарына жыйын өттү. Жыйында мечиттерге тез арада видео байкоочу камераларды орнотуу жана диний объектилердин тазалыгына көңүл буруу тапшырмаларын берди.

“Мечитке келген ар бир жарандын коопсуздугу үчүн жума намаз окулуучу мечиттерге видео байкоочу камераларды коюшубуз зарыл. Муну менен биз мечитке келген жарандардын коопсуздугун камсыздаган болобуз. Албетте, ар иште этият болуу момундук сапат”, – деди ал.