Чоң-Алайга көчүрүлгөн памирлик кыргыздарга депутаттар эмне беришти?

19-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн жети памирлик үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди.

Жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө жууркан-төшөк, заманбап бүктөмө керебет, идиш-аяк, электр плиталары, чайнек-чака жана жылуу кийим-кече берилген.

Көмөк алган кайрылмандардын бири Алияхмат Махамадосмон эмиден көнүшүп келе жатканын айтты. “Эми көнүшүп келе жатабыз. Азыркы кыштын күнүндө төшөнчүлөргө, үй-буюмдарына муктаж болуп турган болчубуз”, – деди ал. Ар бир үй-бүлөгө жылынуучу мештер берилип, аны менен катар 7 тонна көмүр түшүрүлдү.