«Чоң Казат» партиясынын мурдагы кеңсе-менеджери Максат Мамыткановду сотко бермекчи

«Чоң Казат» партиясынын мурдагы кеңсе-менеджери Ислам Болотов партиянын мурдагы төрагасы, экс-вице-премьер Максат Мамыткановду сотко бергени жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Болотов Мамэкотехинспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери бөлүмүнө кайрылуу жолдоп, кайрылуунун сүрөтүн социалдык тармакка илген. Айтымында, ал офис-менеджери болуп 2020-жылдын февраль айында жумушка орношкон.

«Мени партиянын төрагасы Максат Мамытканов жумушка алган. Ал айына 15 миң сом маяна берүүнү убада кылган. Мен офис-менеджери болуп жумушка орношконум менен кеңседе күзөтчү, тазалыкчы, кампа башчысы, дегеле кеңсенин тегерегиндеги бардык жумуштарды аткардым. Эмгек келишими жана кызматка кабыл алуу буйругу чыккан эмес. Алар убакыттын жоктугуна шылтоолошкон, бирок айлыкты сөзсүз беребиз деп убадалашкан», — деп айтылат Болотовдун билдирүүсүндө.

Экс кеңсе-менеджер белгиленгендей, 9 ай иштегендиги үчүн ага партия 38 миң сом төлөнгөн. Ал эми эмгек акынын калган көлөмү 97 миң сомду түзөт. Жалпы 100 миң сом төлөшү керек эле. Ислам Болотов «Чоң Казат» партиясын жана анын мурдагы төрагасы Максат Мамыткановду айлык маянасын төлөп берүүгө милдеттендирүүнү суранып, төлөп бербесе, маалымат жыйынын өткөрүп экс-лидер Мамыткановду расмий сотко берүүнү көздөп жатканын кошумчалаган.