Бугу, марал, элик, каман, сүлөөсүн… Чоң-Кеминде фототузакка түшкөн жапайы жаныбарлардын видеосу

Өткөн жылдын ноябрь айында NABU Кыргызстандын мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын Тору-Айгыр кыдыртмасындагы жапайы жаныбарларды изилдөө максатында парктын кызматкерлери менен биргеликте фототузактарды орнотушкан. Бул тууралуу аталган мониторинг бөлүмүнөн билдиришти.

«Бардыгы болуп 9 фототузак орнотулуп, ошол эле экспедициялык топ тарабынан апрель айынын ортосунда алынган. Бул аппарат алты айдын ичинде дээрлик 12 миң кадр жасаган. Бул экспедициялык иштин жыйынтыгы боюнча жалпысынан сүт эмүүчүлөрдүн 8 түрү катталганын белгилей кетүү керек. Каттоолордун эң көп саны элик жана тыйын чычкан болду, анан да бир катар жапайы жаныбарлардын төмөнкү түрлөрү бар, алар каман, кашкулак, коён, ошондой эле Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жапайы жаныбарлардын 3 түрү бар: бугу, марал, сүлөөсүн, суусар. Алдын ала маалыматтар боюнча сүт эмүүчүлөрдүн айрым түрлөрүнүн суткалык жана сезондук активдүүлүгү аныкталган», — дешти.