Чубак Жалиловдун уулу Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди

Камчыбек аяш атам, атамдын урматына өзүнүн жана туугандарынын каражатынан курулган мечитке атамдын атын ыйгарышты. Сизге ыраачылык. Мындай билдирүүсүн Чубак Жалиловдун уулу Абдулла Жалилов социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

«Мечитке атамдын атын коюшуңуз, бул атама болгон сый-урматыңызды билдирди», — деп жазат ал. 

Эске салсак, 17-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылган. Аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындары тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген.