15 жаштагы Диана Гурова изделүүдө. Ал Ысык-Көлдө иштеп жүрүшү мүмкүн

Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Диана Гурова изделүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Диана Гурова 13-июнда Кайыңды айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Анын туугандары кыздын Ысык-Көлгө иштегени кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.

Белгилери: бою 169 сантиметр, толук, чачы кыска жана кара түстө, каректери жашыл өңдө.

Кийими: футболка жана шымы кара түстө, бутунда кара-кызгылт спорттук бут кийим.

“Кимде-ким Диана Гурованын жүргөн жерин билген болсо, 0 (312) 60-79-89, 0 (702) 31-75-22 жана 102 кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.