Чүйдө 16 жаштагы Нагия Имашова мектептен чыккан бойдон дайынсыз болууда

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан 2006-жылы туулган Имашова Нагия Маликовна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 21-февралда болжол менен саат 16:00дө Сокулук айылындагы мектептен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Белигилери: бою 155-160 сантиметр, чачы, көзү күрөң.

Кийген кийими: куртка, классикалык шым, кызыл жемпер, ак түстөгү рубашка, кара кышкы бут кийим. Сүрөттөгү кызды көргөндөр: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0709 35-35-29 номурларына чалсаңыздар болот.