Чүйдө 14 жаштагы Баяман дайынсыз болуп жатат

Чүй ОИИБ дайынсыз болуп жаткан Кадыркулов Баяман Кылычбековичти издеп жатат.

2009-жылы туулган жаран 21-августта Канттагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Белгилери: бою 165 сантиметр, арык, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийими: кара түстөгү футболка, кара шорта.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 676907 (нөөмөт бөлүмү), 0709502955, 0505768876 номурларына чалсаңар болот.