Чүйдө 16 жаштагы Хадича Болотбекова 6 күндөн бери дайынсыз болууда

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган Хадича Болотбекова изделип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 15-сентябрда Ысык-Атадагы Жайылма көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң түстө, чачы кыска.

Кийген кийими: ак көйнөк, юбка, ак түстөгү бут кийим.

Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0(703) 73-75-53, 0(708) 10-8 1-10 номурларына кайрылсаңыздар болот.