Чүйдө 24 жаштагы келин асылган абалда табылды

Чүйдө 24 жаштагы келин асылган абалда табылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 19-сентябрда Орловка айылында болгон. Анда 24 жаштагы келиндин жансыз денеси асылган абалда туугандары тарабынан табылган. Аталган факты Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (өз өмүрүнө кол салуу) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бир катар экспертизалар дайындалды жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ал эми жергиликтүү ЖМКларга келиндин туугандары кайрылып, суук кабарды келиндин жакындарына кайын журту айтканын айтып, кызынын мындай ишке барганына ишенбей турганын айтышкан.