Чүйдө 37 жаштагы Айсулуу Сарлыкова 3 айдан бери дайынсыз болууда

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Сарлыкова Айсулуу Силиндеровна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Айсулуу Сарлыкова 37 жашта. Ал ушул жылдын 13-августунда Байтик айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы, көзү күрөң, мурду кырдач.

Кийген кийими: кара шым, ак футболка, көк түстөгү куртка, кара түстөгү бут кийим.