Чүйдө 4 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы бала табылды

Чүй облустук милициясынын кызматкерлери төрт ай мурда дайынсыз болгон 15 жаштагы Адилет Данияровдун жүргөн жерин аныкташты. Милициянын маалыматы боюнча, ал ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

“Өспүрүм төрт ай аралыгында Таластагы алыскы тааныштарында мал кайтарып жүргөн”, — деп айтылат маалыматта. Бала 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.