Аламүдүн РИИБ дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы Нурислам Мусаевди издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Нурислам 13-июлда Кырмандагы үйүнөн «ойнойм» деп чыгып кеткен боюнча, кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 120 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачы кыска күрөң.
Кийинген кийими: кызыл түстөгү футболка ак чийимдери менен, боз түстөгү шорта, башында боз кепка.
Нурисламды көргөн-билгендер болсо, 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63 же 102 кызматына кабарлап койсоңуздар болот.